КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

19 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
- Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын;
- Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Венесуэла Боливариандык Республикасынын Улуттук шайлоо органынын;
- Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын;
- Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
- Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү.
Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочулар аккредитацияланды.