КР БШКсы № 17 шайлоо округунан талапкер Б. Бообековдун каттоосун жокко чыгарды

16 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Б.Бообеков КР БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.