Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкер С.Омурзаковго айып пул салынды
13 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ талапкер С. Омурзаковго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-беренесине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
