КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
13 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Шарапова Жибек Закировнанын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Б. Валиеванын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.А.Шаршееваны каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Абдылдаева Канзада Абдылдаевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Г.К.Кубатованын каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Г.Абдирашид кызын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
