КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларына кайрылуусу
11 ноября 2025
Урматтуу талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тарапташтар жана шайлоо процессинин катышуучулары!
Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларга жол берген айрым талапкерлерге карата тиешелүү чараларды көрө баштады. КР БШКсы шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол бербейт.
Баса белгилейм, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоосу Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысы шайлоонун адилеттүү, ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде өтүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.
Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.
Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей.
Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт.
Мен дагы бир жолу шайлоо процессинин бардык катышуучуларына кайрылам: мыйзамдын талаптарын так сактагыла, жарандардын тандоосун сыйлагыла жана бул кампания чыныгы адилеттүү саясий атаандаштыктын үлгү болуусуна көмөктөшкүлө.

