КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады

11 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын жана өкүлүн каттады:

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин 2 ишенимдүү адамы;

- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Ибрагимов Болот Адылбековичтин 13 ишенимдүү адамы;

- №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 5 ишенимдүү адамы;

- №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 18 ишенимдүү адамы;

- №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Улукбек Карыбек уулунун 66 ишенимдүү адамы;

- №18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Айдаров Манас Мусадиновичтин 2 ишенимдүү адамы;

- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин КР БШКдагы өкүлү: Г.А. Скрипкина.

Ишенимдүү адамдарга жана өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.