Кара-Кулжа районундагы № 5027 шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
05 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-ноябрда «Кара-Кулжа районундагы № 5027 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтомун кабыл алды.
Ага ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Ой-Тал орто мектебинин имаратында жайгашкан № 5027 шайлоо участогунун дареги Кыштак көчөсү, 66дан ушул эле айылдагы Кыштак көчөсү, 66дагы Куланчы Орунбеков атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.
№ 10 округдук шайлоо комиссиясына Ой-Тал айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.




