КР БШКсы Атамбек Салиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

04 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №3 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Салиев Атамбек Токтоматовичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

А.Салиев №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 20-октябрында КР БШКга тапшырган. 2025-жылдын 24-октябрында талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө тапшырган.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ А.Салиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 28-октябрындагы маалымкатына ылайык, А.Салиев “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, А.Салиев 2021-жылдын 20-октябрынан 2022-жылдын 20-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн.

2025-жылдын 4-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда А.Салиев онлайн форматта катышып, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты тастыктады.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Салиев Атамбек Токтоматовичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Салиев Атамбек Токтоматовичти № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.