КР БШКсы Нурбек Муктаровду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

04 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №27 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Муктаров Нурбек Муктаровичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Н.Муктаров №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 14-октябрында КР БШКга тапшырган. 2025-жылдын 30-октябрында талапкер катары каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтомун кагаз түрүндө тапшырган.

КР Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 20-октябрындагы маалымкатына ылайык, 2009-жылдын 11-мартында Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча Н.Муктаровго 10 000 сом өлчөмүндөгү айып пул салуу жазасы белгиленген. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, 2010-жылы соттуулугу жоюлган.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Н.Муктаровду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш берген.

2025-жылдын 4-ноябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Н.Муктаров өзү онлайн режимде катышып, жогорудагы маалыматты тастыктаган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз: соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган.

Жумушчу топтун № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Муктаров Нурбек Муктаровичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Муктаров Нурбек Муктаровичти № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.