КР БШКсы тогуз жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады

03 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

- Оргалча Токтобүбү - №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 3-ноябрында берген;

- Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович - №14 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Кожомкулова Айсулуу Жоомартовна - №23 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Оморова Гүлшат Жолдошказиевна - №14 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич - №10 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Исаев Кубатбек Жусупалиевич - №1 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Эгешова Айзат Курманалиевна - № 6 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович - № 3 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген;

- Нурбай уулу Манас – № 14 шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 2-ноябрында берген.

КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, № 3 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оргалча Токтобүбүнүн шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Р.Токоеванын, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Э. Чегирбаеванын;

№ 14 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Турдумамбетов Осмон Жолдошбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.К.Коконбаевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Калбаевдин;

№ 23 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Кожомкулова Айсулуу Жоомартовнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.М.Нарбаеванын;

№ 14 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Оморова Гүлшат Жолдошказиевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Ажымамбетовдун, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.С.Байгараевдин каттоолорун жокко чыгарды.