КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

02 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-№3 шайлоо округу боюнча талапкер Арзыбеков Абдували Арзыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.К. Жаликулов жана каржы боюнча А.А. Касымов;
-№9 шайлоо округу боюнча талапкер Кадырова Жылдызкан Турумбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.А. Нармаматов жана каржы боюнча А.Д. Нурмаматов;
-№8 шайлоо округу боюнча талапкер Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча С.К. Кыпчакбаев;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Ниязбеков Талгаттын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.А. Абдукеримов жана каржы боюнча К.С. Асанбеков;
-№25 шайлоо округу боюнча талапкер Молдокулова Гулзар Кумаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча И.С. Молдокулов;
-№2 шайлоо округу боюнча талапкер Абдуллаева Райхандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.А. Калбеков жана каржы боюнча Ш.М. Исаков;
-№8 шайлоо округу боюнча талапкер Патиев Нурканбек Маматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.Г. Сайбиев жана каржы боюнча Р.Ж. Самиева;
-№20 шайлоо округу боюнча талапкер Маратов Арсен Маратовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча У.С. Ишенов;
-№9 шайлоо округу боюнча талапкер Нурунбетов Сыймыкбек Балтахуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.К. Эргешов;
-№16 шайлоо округу боюнча талапкер Суюнбаев Медетбек Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Х.А. Кожобеков.
Ошондой эле № 7 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.К.Аскаровдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Э.Жанибек уулу шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.