КР БШКсы эки жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын карады

01 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

- Эркинбек кызы Акылай - №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 31-октябрында берген;

- Конгайтиева Турдубубу Шайдылдаевна - №16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 31-октябрында берген.

КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 24-октябрындагы чечими менен катталган, № 17 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Эркинбек кызы Акылайдын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зарылбек уулу Бакыткелдинин каттоосун жокко чыгарды.