КР БШКсы Мейкинбек Абдалиевди БШКнын мүчөсү милдетинен бошотту

31 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-октябрда, Мейкинбек Акимович Абдалиевди КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен бошотту.
М.Абдалиев 2025-жылдын 30-октябрында БШКга №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызын берген.
Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.
Ошондой эле талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып, 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
Мыйзам талаптарынын негизинде, КР БШКсы М.А. Абдалиевди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдетинен бошотту.