Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өлкө боюнча бардык шайлоо участокторунда кезектеги тесттик добуш берүү өткөрөт

30 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда, республикадагы бардык шайлоо участокторунда кезектеги тесттик аралыктан добуш берүүнү өткөрөт.
Буга чейин тесттик добуш берүү 10- жана 20-октябрда бүт өлкө боюнча жана Россия Федерациясынын айрым шаарларында өткөрүлгөн.
Аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу - келе жаткан парламенттик шайлоодогу негизги жаңылыктардын бири. Ал онлайн-идентификацияга негизделет: шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз участогунан тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат.
КР БШКсы каалоочуларды тесттик режимде аралыктан добуш берүүгө катышууга чакырат жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирет.
Тесттик добуш берүү “Дордой-плаза” жана “Азия-молл” сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.