КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына 9 талапкерди каттады

24 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-октябрда көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Кожокулова Гуля Акматуловна - № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Оскомбаев Азат Кубанычбекович  - № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович - № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Кайрылбекова Медина Кайрылбековна - № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Ибраимова Аселя Раимбековна - № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер; 
- Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна - № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
- Чолпонбай уулу Бекмырза - № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер. 
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.