КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
22 октября 2025
Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Элчи Лесли Вигери белгилегендей, шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чакыруу каты АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү да шайлоо процессин мониторинг кылууга катыша турганын билдирди.
Тынчтык Шайназаров өлкөдө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо системасын реформалоо жана аралыктан добуш берүү жаңы системасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Сан-Франциско жана Филадельфия шаарларында ачылган жаңы 6 шайлоо участкасы жөнүндө маалымдады.
Элчи Лесли Вигери жаңы шайлоо системасына жана колдонулуп жаткан шайлоо жабдууларына өзгөчө кызыгуу билдирди. Ал, ошондой эле, шайлоо күнү электр энергиясы же интернет өчүп калган учурда добуш берүү кандайча жүргүзүлөрүн сурады.
Тынчтык Шайназаров мындай учурлар үчүн шайлоо участкаларында генераторлор орнотулганын, мындан тышкары ар бир шайлоо жабдуусунун өзүнүн 2–3 саатка жеткидей иштей турган аккумулятору бар экенин белгиледи.
Элчи Лесли Вигери шайлоо жабдуулары электр энергиясы жана интернети жок шартта да иштей берерин практика жүзүндө көрүп, шайлоочулар мындай кырдаалда да шайлоо укугун ишке ашыра ала турганына ынанды.
Жолугушуу болжол менен бир жарым саатка созулду. АКШнын элчиси Лесли Вигери шайлоо жабдууларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана шайлоочулардын катышуусун, ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган аралыктан добуш берүү системасынан чоң таасир алганын белгиледи.










