КР БШК “Кырк Ууз” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады

22 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда, БШКга 2025-жылдын 20-октябрында келип түшкөн “Кырк Ууз” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады.

КР БШКсы “Кырк Ууз” саясий партиясынын арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 3-октябрындагы чечими менен катталган аталган партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А. Кадыркуловдун, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А.Джапарованын каттоолорун жокко чыгарды.