КР БШКнын мүчөсү А. Жумалиева Эстонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жыйынына шайлоону байкоого катышууда

19 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева бүгүн, 19-октябрда, Эстонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жыйынына шайлоону байкоого катышууда.
Шайлоонун алдында А. Жумалиева эл аралык байкоочулар үчүн уюштурулган брифингге катышкан.
Брифинг учурунда Эстониянын Мамлекеттик шайлоо бюросунун жетекчиси Арне Койтмяэ учурдагы шайлоо өнөктүгү, добуш берүү ыкмалары, электрондук добуш берүү жана башка маселелер боюнча маалымат берди.
Добуш берүүчүлөрдүн саны - 1 003 758 адам. Шайлоо участкаларынын саны - 356.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жыйынына шайлоо жумасы 2025-жылдын 13-октябрынан 19-октябрына чейин өттү, добуш берүү Эстониянын бардык шайлоо участкаларында уюштурулду. Бул мезгилде шайлоочулардын жайгашкан жеринде, абактарда, ооруканаларда жана күнүмдүк камкордук кылынуучу мекемелерде добуш берүү уюштурулду.
17-октябрдан 19-октябрга чейин добуш берүү жашаган жерде жайгашкан шайлоо округундагы шайлоо участкасында өтөт. Электрондук добуш берүү 13-октябрда саат 9:00дө башталып, 18-октябрда шайлоо участкаларындагы алдын ала добуш берүү менен бирге аяктады. Электрондук добуш берүү «EH kontrollrakendus» атайын тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.
Байкоочулар шайлоо участкаларын кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөп, добуштарды саноого катышышат.
Маалымат үчүн: Өкүлчүлүк жыйын - бул төрт жылга шайлануучу жыйын, ал жергиликтүү турмуштун маселелерин уюштуруп, аткаруу органы - волосттук же шаардык башкарууну кызматка дайындайт.
Шайлоого партиялар, шайлоо бирикмелери жана көз карандысыз талапкерлер катыша алышат. Эстониянын жана Европалык Союздун шайлоо укугуна ээ болгон, талапкерлерди каттоонун акыркы күнүнө карата 18 жашка толгон жарандардын талапкерлик укугу бар, алардын шайлоо жылынын 1-августуна чейин туруктуу жашаган жери тиешелүү шаарда же волостто катталган болушу керек.
Добуш берүү укугуна 16 жашка чыккан жана калкты каттоо регистри боюнча тиешелүү волостто же шаарда жашаган шайлоочулар ээ. Эстониянын жарандарынан тышкары, Европалык Союздун жарандары жана узак мөөнөттүү же туруктуу жашоого уруксат алган жарандыгы жок адамдар да добуш берүү укугуна ээ.