КР БШКсы А.К.Салиевдин мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады
19 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-октябрда, № 11 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Салиев Курсант Акматовичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады.
КР БШКсы К.А. Салиевдин арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 11-октябрындагы чечими менен катталган анын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайман уулу Таланттын каттоосун жокко чыгарды.
