КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев шайлоо системасын реформалоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
17 октября 2025
Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Түштүк Кореянын Miru Systems Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
«Даңк» ордени менен компаниянын президенти Чонг Жин Бок сыйланды, ал эми Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Miru Systems компаниясынын Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү расмий өкүлү Тилек Шыгай сыйланды.
Сыйлык тапшыруу аземине КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров катышты. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 26-мартындагы Жарлыгы менен Чонг Жин Бок жана Тилек Шыгай Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоого кошкон чоң салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан.
Miru Systems Co., Ltd компаниясы 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасы менен кызматташып, бир катар шайлоолорду техникалык жактан камсыздоого катышкан.
Бүгүнкү күндө компания дүйнөнүн тогуздан ашуун өлкөсүндө иш алып барат, ал эми Кыргызстанда биринчи жолу уникалдуу жабдуу - Принтер менен жабдылган идентификациялоо шайманы колдонууга киргизилген.
Бул жабдуунун өзгөчөлүгү - шайлоочуну идентификациялагандан кийин добуш берүү бюллетенин автоматтык түрдө басып чыгаруусу болуп саналат. Идентификациялоонун өзү шайлоочунун персоналдык жана биометрикалык маалыматтарын сканерлөө жана салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
2023-жылы пилоттук долбоордун алкагында бул жабдуу Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо ийгиликтүү колдонулган.
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аталган жабдуу өлкө ичинде жана сыртында кеңири колдонулат. Негизги айырмачылык - идентификация реалдуу убакыт режими (онлайн) менен жүргүзүлөт, бул шайлоочуларга аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.






