БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүү алкагында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады
15 октября 2025
Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги астында Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү алкагында мекемелер аралык кызматташтык жана ыкчам маалымат алмашуу маселелери талкууланды.
БШКнын төрагасы шайлоо процессинин башталышы менен Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу түзүлгөнүн белгилеп, анын негизги максаты - шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын бузулушуна байланыштуу бардык учурларга ыкчам жана макулдашылган чара көрүүнү камсыздоо экенин айтты.
«Биздин жалпы максат - мыйзам бузуулар тууралуу ар кандай билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү жана өз убагында процессуалдык чечимдерди кабыл алуу», - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Ошондой эле ал шайлоо мөөнөттөрүнүн үчтөн бирге кыскартылганына байланыштуу бардык иш-аракеттер ушул мыйзамдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен уюштурулушу керектигин эскертти.








