КР БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атады
09 октября 2025
Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө токтом кабыл алды.
БШКнын Аппаратына Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жана 38 шайлоо участогунун комиссиялары үчүн жаңы мөөрлөрдү даярдоо, ошондой эле Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн белгиленген тартипте жок кылуу тапшырылды.
БШКнын бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Анын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү КР БШК төрагасынын орун басарына жүктөлдү.
