КР БШК Кант жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын, №17 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

09 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 9-октябрда Панфилов жана Кант аймактык шайлоо комиссияларынын, ошондой эле №17 округдук шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Кант аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Мысалиев Д.М. («Ордо» саясий партиясынан), Исраилов Т.О. жана Токтосопиева Д.Е. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) берилген арыздарынын негизинде чыгарылды.
- комиссиянын курамына резервден Сыдыгалиева Г. Б. («Эл Үмүтү» саясий партиясынан), Жанузаков Б.Ж. («Калк ынтымагы» саясий партиясынан),
Мадиярова М. К. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) киргизилди.
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Кадырбаев Т.И. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды.
- комиссиянын курамына резервден Жамгырчиев Т.Э. (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан) киргизилди.
№17 округдук шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Кадырбаев Т. И. чыгарылды.
- комиссиянын курамына Жамгырчиев Т. Э. киргизилди.