Төрага Тынчтык Шайназаров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту
03 октября 2025
Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолукту.
Элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган мөөнөтсүз парламенттик шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө кызыкты.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берүү системасы жөнүндө маалымат берип, анын жардамы менен Кыргызстандын ар бир жараны кайсы мамлекетте жүрбөсүн өзүнүн конституциялык укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун белгиледи.
“Биз чет өлкөлөрдө жашаган жана иштеген мекендештерибиз үчүн кошумча шайлоо участкаларын ачуу боюнча да иш алып барып жатабыз. Анын ичинде Түркияда да. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү республиканын аймагынан тышкары жүргөн, бирок Кыргызстанда каттоосу бар ар бир жаранга паспорт, чет өлкөлүк паспорт же “Түндүк” тиркемеси аркылуу өз аймагындагы талапкерге добуш берүүгө шарт түзөт”, – деди Т. Шайназаров.
Мындан тышкары, ал Түркиянын элчисине жаңы шайлоо жабдууларын көрсөтүп, алардын иштөө принциптери тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле төрага маалымдагандай, 10-, 20- жана 30-октябрда өлкө боюнча шайлоолор тесттик режимде өткөрүлүп, каалаган жаран жаңы системаны өзү сынап көрө алат.
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы шайлоолор ийгиликтүү өтөрүнө ишенимин билдирди.




