КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

01 октября 2025

2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы «Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында жана шайлоо округдарын аныктоо тартибин жөнгө салган Конституциялык мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кабыл алынды.

2025-жылдын 1-октябрына карата маалымат боюнча, өлкөдө жалпысынан 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Бул көрсөткүчкө ылайык, республика 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн, алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 900 шайлоочу катталган. Мыйзамдык нормаларга ылайык, ар бир округдагы шайлоочулардын саны орточо көрсөткүчтөн ±20%га чейин өзгөрүүлөр орун алган. Бул норма өлкөнүн географиялык жана административдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайлоо округдарын адилеттүү жана тең салмактуу түзүүгө мүмкүндүк берет.

Шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын бекитүү чечими кабыл алынар алдында Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңири талкуу өткөрүлүп, бардык региондордун пикирлери жана сунуштары кылдат каралды. Бул ачык-айкын жана натыйжалуу ыкма аймактар аралык тең салмактуулукту камсыздоого жана чечимдин коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынышына чоң салым кошту.

Шайлоо округдарынын толук тизмеси жана чектери төмөндө тиркелген.