БШК Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктап, айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
30 сентября 2025
Бүгүн, 30-сентябрда КР БШК жыйынында бир катар чечимдерди кабыл алды.
1. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери толукталды
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын негизинде, Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлердин резервинин тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамаларынын негизинде жаңыртылып, тиркемеге ылайык тийиштүү талапкерлер бекитилди.
Бул кадам шайлоо процессинин ырааттуулугун камсыз кылуу жана шайлоо комиссияларынын сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзүү максатында жүргүзүлдү.
2. Айрым шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү
Шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, төмөнкү шайлоо участкаларынын жайгашкан даректери өзгөртүлдү:
- Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылындагы № 7042 шайлоо участогунун дареги К. Чолжиев, 22 көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөттүн имаратынан Шамшы айылынын Школьная, 1 көчөсүндөгү жайгашкан Рысменди уулу Акмат атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
- Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Маданият айылындагы № 7083 шайлоо участогунун дареги Б. Маленов, 14 көчөсүндө жайгашкан мектептин имаратынан Маданият айылынын Мукаш-Ата, 22 көчөсүндөгү айылдык клубунун имаратына өзгөртүлдү.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл аймагынын Светлая Поляна айылындагы № 3182 шайлоо участогунун дареги Манас, 95 көчөсүндө жайгашкан административдик имаратынан Светлая Поляна айылынын К. Мырзаканов, 21 көчөсүндөгү А. Алыбаков атындагы мектептин имаратына өзгөртүлдү.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына Онбир-Жылга айыл өкмөтү менен биргеликте жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкалардын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
