КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту
29 сентября 2025
Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ ОБСЕ) муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту.
Жолугушууга бюронун шайлоо маселелери боюнча улук кеңешчиси Лусине Бадалян, шайлоо маселелери боюнча кеңешчи жана КР боюнча жооптуу кызматкери Елена Ковалева, ошондой эле БШК Аппаратынын кызматкерлери катышты.
Тынчтык Шайназаров Миссиянын өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, БШК кызматташууга ачык экендигин белгиледи жана шайлоону баалоо боюнча кызматташуу бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу болооруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Лусине Бадалян Миссия Кыргызстанга алдын ала шайлоо чөйрөсүн жана даярдык иштерин баалоо үчүн келгендигин билдирди. Ал шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кыска убакытта мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө, шайлоо комиссияларынын ишмердигине, жарандарды добуш берүүнүн жаңы тартиби боюнча маалымдоого, ошондой эле шайлоо жабдыктарынын жана программалык камсыздоонун техникалык даярдыгына кызыкты.
Тынчтык Шайназаров учурдагы шайлоо тутуму өлкөнүн бардык аймактарынан - райондордон, шаарлардан жана айылдардан депутаттардын кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылаарын баса белгиледи. Ал кеминде 30 депутат Жогорку Кеңеште бир жыныстагы өкүлдөр болорун, ал эми аралыктан добуш берүүнү киргизүү ар бир жарандын кайсы жерде жүргөнүнө карабай шайлоого катышуу конституциялык укугун камсыз кылаарын белгиледи.
«Биз толук уюштуруучулук даярдыктабыз жана графикке ылайык иш алып барып жатабыз. Максатыбыз - ар бир жаран өзүнүн добуш берүү укугун эркин ишке ашыра ала турган шарттарды түзүү. Шайлоочулар үчүн эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктар болбошу керек», - деди БШК төрагасы.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артышты.
