Шайлоого катышууга ниет билдирген саясий партиялар 3 күндүн ичинде КР БШКга жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш
25 сентября 2025
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук шайлоо комиссиясына өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш. Билдирүүдө саясий партиянын шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы көрсөтүлүшү керек.
Билдирүүгө төмөнкү документтер тиркелет:
1. саясий партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2. саясий партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3. саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
4. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси;
5. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары;
6. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
