КР БШКнын төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
22 сентября 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана ошондой эле БШКнын мүчөлөрү учурда өлкөбүздүн аймактарында жергиликтүү калк менен жолугушууларды жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, аталган иш сапарлар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы Nº 113 конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 8-пункттарына, 14-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында уюштурулууда.














