КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

20 сентября 2025

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында «Улуттук тазалык күнүнө» арналган жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.

Ишембиликке ошондой эле төраганын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү да катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө Кашка-Суу айылынан тартып «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына кире беришке чейинки борбордук жол боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды.

БШК аппаратынын кызматкерлери айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошушту.