КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппараты менен кеңешме өткөрдү

08 сентября 2025

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, жер-жерлердеги системдик администраторлор жана БШК Аппаратынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо колдонулуучу шайлоо жабдууларынын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштешин камсыздоо маселелери талкууланды.

Тынчтык Шайназаров бардык кызматкерлер тарабынан шайлоо эрежелерин жана мыйзам талаптарын так жана бекем сактоонун зарылдыгын баса белгиледи.

«Мамлекет ачык жана айкын шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, зарыл ресурстар менен камсыздап жатат. Биз мамлекеттик мүлккө жана шайлоо жабдууларына этият, аяр мамиле жасап, мыйзамдын алкагында гана иштөөгө тийишпиз», - деп белгиледи БШК төрагасы.

Кеңешмеде ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларындагы шайлоо жабдууларын тестирлөө иштери боюнча маалымат угулду.