КР БШК шайлоо процессинин ченемдик базасын жаңылап, жаңы жоболорду бекитти

15 августа 2025

2025-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында ички ченемдик укуктук актылардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен шайлоо процессинин укуктук базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү маселелери каралды. Жыйында КР БШК алты токтом долбоорун бекитти, алардын ичинде:

  1. КР БШК алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Бул документ республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын, ошондой эле талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун түзүлүшү менен чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү механизмин түзүү максатында иштелип чыкты.

Жободо каражаттардын келип түшүү булактары, эсепке алуу жана колдонуу тартиби, талапкерлер менен партиялардын финансылык отчеттуулугун текшерүү тартиби так көрсөтүлгөн.

Жаңы жобонун кабыл алынышы менен төмөнкү токтомдор күчүн жоготту деп табылды:

  • 2017-жылдын 14-июнундагы №157 токтом (“КР БШКнын алдындагы контролдук-текшерүү тобунун иши жөнүндө);
  • 2021-жылдын 5-сентябрындагы №680 токтомдун 5-пункту (БШКнын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө).

2. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Бул жаңы документ ЖМКлар менен интернет-басылмалардын аккредитация процессин бирдиктүү тартипке келтирүү максатында кабыл алынды.

Жобо арыз берүү тартибин, аккредитациялоо мөөнөттөрүн жана негиздерин, ошондой эле шайлоо өнөктүгү маалында журналисттердин иштөөсүнө болгон кепилдиктерди аныктайт.

Шайлоонун ар кандай түрлөрүндө ЖМКларды аккредитациялоону жөнгө салуучу мурдагы жети БШКнын токтому күчүн жоготту деп таанылды, бул ченемдик базанын бирдиктүү болушун камсыз кылат.

  1. Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Документ шайлоочуларга, талапкерлерге, партияларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүүнүн тартибин жана формаларын, анын ичинде расмий булактарды, жарыялоо мөөнөттөрүн жана мазмунун аныктайт.
Бул жобонун кабыл алынышы ар кандай деңгээлдеги шайлоолордо маалымат берүүнү мурда жөнгө салган БШКнын үч токтомунун күчүн жоготкондугу менен коштолду
.

  1. Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянттын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


Бекитилген токтомдор БШКнын ченемдик базасын иретке келтирүүгө, кайталануучу жана эскирген укуктук актыларды жокко чыгарууга, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана бардык катышуучулардын укуктарын сактоого багытталган. Бул болсо шайлоо системасына болгон жарандардын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.