КР БШКда конституциялык мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

24 июля 2025

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда талап кылынган нормаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга БШКнын төрагасы Т.У. Шайназаров, БШКнын төрагасынын орун басары А. С. Жупуева, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары Т. М. Тажибаев, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары М. М. Муратбеков, КР Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, КР ИИМдин кылмыш издөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Б. Н. Нарчаев, ошондой эле БШК аппаратынын кызматкерлери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзам менен белгиленген талаптар каралды. Атап айтканда:

· өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка муктаждыктардан улам өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларга чыгууга байланыштуу жыл сайын алты айга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо жол берилген үзгүлтүктөр менен депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөнгө чейин акыркы 5 жылдан кем эмес республикада туруктуу жашагандыгы;

· соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюла элек адамдар, ошондой эле диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин 5 жыл өтө элек диний ишмерлер шайланууга укуксуз;

· эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары профилактикалык, оперативдүү-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучулары талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештигин сапаттуу жана өз убагында текшерүү үчүн зарыл болгон ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин кеңири талкуулашты.

БШК менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү жана маалымат алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ведомстволордун өкүлдөрү өз кезегинде БШК менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө активдүү катышуусу жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, талапкерлерге карата мыйзам менен коюлган талаптарды так сактоо — жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун жана шайлоолорду ачыктык менен мыйзамдуулук принциптеринде өткөрүүнүн негизги шарты экендигин баса белгиледи.