Ош шаарынын аймагында жана айрым жергиликтүү кеңештердин шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди

11 июля 2025

КР БШК Ош шаарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Бул чечим 7 аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жалпы шайлоо участкаларынын саны 505тен 528ге өстү.

Жалпысынан 528 шайлоо участкалары бекитилди, анын ичинен:

· Ош шаарында – 105 шайлоо участогу (Ош шаарында 3 жаңы шайлоо участогу түзүлдү);

· Ош облусунун, Кара-Суу районунда – 143 шайлоо участогу (кошумча 14 жаңы участогу түзүлдү: Ынтымак айыл аймагында - 1, Ала-Тоо айыл аймагында - 2, Отуз-Адыр айыл аймагында - 1, Жоош айыл аймагында - 1, Манас айыл аймагында - 1, Датка айыл аймагында - 3, Мады айыл аймагында - 4, Папан айыл аймагында - 1);

· Ош облусунун, Өзгөн районунда – 107 шайлоо участогу (кошумча 3 жаңы участогу түзүлдү: Куршаб айылдык кенешинде - 1, Кароол айылдык кенешинде - 2);

· Жалал-Абад облусунун, Жалал-Абад шаарында – 38 шайлоо участогу (шаарда 2 жаңы участогу түзүлдү);

· Баткен облусунун, Лейлек районунда – 54 шайлоо участогу (Раззаков шаарында 1 жаңы участогу түзүлдү);

· Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунда – 40 шайлоо участогу;

· Ысык-Көл облусунун, Түп районунда – 41 шайлоо участогу.

Азыркы учурда жалпы 55 аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери каралып, 2196 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди.

Маалымат үчүн:
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын тактоо боюнча иштер улантылып жатканына байланыштуу, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечими кийинчерээк каралат.