Кыргыз Республикасынын айрым облустарындагы жергиликтүү кеңештердин аймактарында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди

04 июля 2025

КР БШК Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештердин аймактарында шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Бул чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде , ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык кабыл алынган.

КР БШКнын жыйынында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча 48 аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери каралып, бекитилди. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында жалпы шайлоо участкаларынын саны 1664төн 1668ге чейин көбөйдү.

Жалпысынан 1668 шайлоо участогу бекитилди, алардын ичинен:

· Баткен облусу боюнча – 166 шайлоо участогу;

· Ош облусу боюнча – 260 шайлоо участогу; кошумча түрдө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу түзүлдү;

· Жалал-Абад облусу боюнча – 419 шайлоо участогу; үч жаңы шайлоо участогу түзүлдү: Базар-Коргон шаардык кеңешинде, ошондой эле Сузак районундагы Сузак жана Багыш айыл аймактарында;

· Нарын облусу боюнча – 169 шайлоо участогу;

· Ысык-Көл облусу боюнча – 168 шайлоо участогу; Ак-Суу районунун Кыдыр-Аке айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу түзүлдү;

· Талас облусу боюнча – 117 шайлоо участогу;

· Чүй облусу боюнча – 369 шайлоо участогу; Кант шаарында №7120 участогу жабылды, ошондой эле Аламүдүн районунун А. Сыдыков айылдык кеңешинде жаңы шайлоо участогу ачылды.

Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилгенден кийин, аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары жана чек аралары боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл.

Маалымат иретинде:
Шайлоо участкаларынын схемалары менен чек араларын тактоо иштери улантылып жаткандыгына байланыштуу, Бишкек, Ош шаарларынын, Жалал-Абад, Лейлек, Кара-Суу, Өзгөн, Ысык-Көл жана Түп АШКларынын чечимдери кийинчерээк каралат.