Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму өтүп жатат

26 июня 2025

Бүгүн, 26-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага» деген темада Эл аралык Ысык-Көл шайлоо форуму өз ишин баштады.

Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

Форумга 12ден ашык мамлекеттерден — КМШ, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, илимий жана эксперттик чөйрөлөрдөн келген адистер катышууда. Алардын катарында Азербайжан, Беларус, Грузия, Индия, Казакстан, Молдова, Монголия, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Эстония бар.

Форумга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ), Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ), Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы (ПА КМШ), ТүркПА, ЖККУ ПА, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, A-WEB (ШОДА) жана Miru Systems компаниясынын өкүлдөрү.

Ошондой эле форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  куттуктоо видео кайрылуусун жолдоп, ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарын, жарандык коом жана эл аралык уюмдарды бириктирген бул форум жакшы салтка айланып, суроо-талап жараткан диалог аянтчасы болуп калганын белгиледи.

Форумдун негизги максаты — жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуудагы заманбап ыкмаларды талкуулап, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу ачык диалог жүргүзүү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өз сөзүндө шайлоо органдарынын алдында жаңы милдеттер турганын, бирок шайлоого келген жаран ар дайым коомго жана мамлекетке кайдыгер эместигин, өз добушу маанилүү экенине ишенерин белгиледи. Анын айтымында, шайлоого катышуу — бул бийлик институттарына болгон ишенимдин маанилүү көрсөткүчү.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өкмөт менен БШКнын өз ара урматтоого, көз карандысыздыкка жана конструктивдүү кызматташууга негизделген туруктуу өнөктөштүгү өтө маанилүү экенин белгиледи.

Түрк Мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, шайлоо процесстериндеги санариптештирүүнүн маанисин белгиледи.

КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев өздөрүнүн видеокайрылууларында форумдун аймактагы шайлоо демократиясын өнүктүрүүдөгү маанисин жана шайлоо органдарынын мамлекеттик институттардын туруктуулугун камсыз кылуудагы ролуна токтолушту.

КМШ ПААнын Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий шайлоого жигердүү катышуу — бул бийликтин легитимдүүлүгүнүн негизи экенин айтып, шайлоого катышпай коюуга каршы күрөшүүнүн жана эл аралык коомчулук менен активдүү кызматташуунун маанисин белгиледи.

ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сурейя Эр шайлоолордо аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын толук кандуу катышуусун камсыз кылууну белгилеп, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы алкагында кызматташтыкты чыңдоого үндөдү.

ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы Сергей Поспелов шайлоолордогу суверенитетти сактоонун аймактык коопсуздуктагы маанисин баса белгилеп, экстремизмге жана шайлоо учурундагы киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө ЖККУнун ролун белгиледи.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов Кыргызстандагы инклюзивдүүлүк, ачыктык жана гендердик теңчилик жаатындагы прогрессти белгилеп, ЕККУнун демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча колдоосу улантыларын билдирди.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве шайлоого аялдар менен жаштарды тартуунун маанисин баса белгилеп, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында бул форум өз убагында өткөрүлүп жатканын айтты.

Форум алкагында «Эл аралык шайлоо тажрыйбаларын улуттук шарттарга ыңгайлаштыруу» аттуу пленардык сессия болуп өттү. Сессияда бир катар өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын төрагалары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен чыгып, доклад жасашты.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөр тууралуу айтып, округдардагы түз өкүлчүлүктөрдү киргизүүнү белгиледи.

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Элла Памфилова форумдун практикалык маанисин жогору баалап, эл аралык кызматташтыкты өз ара урматтоо, тарых жана маданиятты эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Андан соң Россиянын шайлоо стандарттарын иштеп чыгуудагы заманбап ыкмалары тууралуу баяндамасы угулду.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Низамходжаев Зайниддин Махаматович шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү реформаларга токтолду.

Казакстандын БШК төрагасы Нурлан Абдиров шайлоолордогу көз карандысыз байкоо, ачыктык жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусун камсыз кылуу негизги артыкчылыктар экенин белгиледи.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер өлкөсүндө 87% шайлоого катышуу, жаштар жана аялдардын активдүүлүгү, чет өлкөдөн берилген 1,6 миллиондон ашуун добуштар тууралуу айтып берди. Ал шайлоо технологиялары, дезинформацияга каршы күрөш, инклюзия, кызматкерлерди окутуу жана шайлоо фонддорунун ачыктыгы боюнча ийгиликтерди бөлүштү.

Беларусь Республикасынын БШК төрагасы Игорь Карпенко 2022-жылдагы референдум менен башталган шайлоо цикли тууралуу айтып, шайлоолорду бириктирүү аркылуу ресурстарды үнөмдөө мүмкүн болгонун билдирди.

Тажикстандын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Худоёрзода Бахтиер Тавар форумдун жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, эл аралык тажрыйбаны адаптациялоонун маанилүүлүгүн айтты.

Эстониянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Ингрид Куллерканн интернет аркылуу добуш берүү тажрыйбасы тууралуу айтып, бул ыкманын аркасында жаштардын катышуусу 34%дан 68%га жогорулаганын билдирди. Системанын ийгилиги — эки факторлуу аутентификация жана ачык аудит менен түшүндүрүлдү.

Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы Дэлгэрнаран Пурвээ шайлоо процессиндеги технологиялык жаңылыктар жана жарандык санарип билим берүү тууралуу маалымат берди.

Азербайжандын БШК мүчөсү Бахшеиш Аскеров шайлоо стандарттарын улуттук өзгөчөлүктөргө ылайыкташтыруу маанилүү экенин белгилеп, ачыктык жана жарандык билим берүү жаатында эл аралык кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.

Индия, Грузия жана Молдованын шайлоо органдары өз өлкөлөрүндөгү шайлоолорду уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Форум алкагында эки тегерек стол өткөрүлдү:

· «Шайлоо уюштуруучуларын окутуунун мыкты методологиялары» – бул сессияда шайлоо органдары жана эксперттер шайлоо комиссияларын окутуунун натыйжалуу ыкмаларын талкуулашты.

· «Жаштардын шайлоо процесстерине катышуусу» – бул тегерек столдо жаш шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу маселелери каралды.

Катышуучулар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, эл аралык тажрыйбаны жана өнүгүү келечегин, шайлоо органдары туш болуп жаткан заманбап чакырыктарды талкуулашты.

Форумдун алкагында катышуучулар шайлоо укугу жана процесстерин өркүндөтүү боюнча өз өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, пикир алмашышты.

Иш-чара 27-июнда КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны менен улантылат.