КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 12-жылдык жыйынына катышты
08 июня 2025
2025-жылдын 5-6-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кахети облусунда уюштурулган “Технологияларды колдонуу тажрыйбасы жана дезинформациянын шайлоо ишенимине тийгизген таасири” аталышындагы Шайлоону башкаруу органдарынын (ШБК) 12-жылдык жыйынына катышты.
Жыйынга шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, изилдөө борборлорунун жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эксперттердин өкүлдөрү катышты. Конференциянын максаты — шайлоо процесстерин санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу жана коомчулуктун шайлоого болгон ишенимин буза турган дезинформацияга каршы эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу.
Конференциянын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
- Шайлоо процессинде технологияларды колдонуу тажрыйбасы: технологияларды киргизүү, ийгиликтер жана кыйынчылыктар тууралуу пикир алмашуу;
- Дезинформациянын шайлоо ишенимдерине тийгизген таасири: жалган маалыматтардын коомдук пикирге, шайлоочулардын жүрүм-турумуна жана институттарга болгон ишенимге тийгизген таасирин изилдөө;
- Кызматташтыктын келечектеги багыттары: дезинформацияга туруктуулукту жогорулатуу жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулоо.
Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева жана БШКнын аппаратынын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Темирлан Шаменов катышышты.
Жыйындын ачылышында КР БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева «Шайлоо процесстеринин ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуудагы санариптик технологиялар» темасында доклад жасап, Кыргызстанда шайлоо системасын санариптик трансформациялоо боюнча топтолгон тажрыйба жөнүндө кеңири айтып берди. Атап айтканда:
- шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо;
- автоматташтырылган башкаруу системасынын (АБС) шайлоо процессинде колдонулушу;
- маалыматтык коопсуздук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштер.
Докладда ошондой эле нормативдик жана техникалык аспектилер, жарандык коом менен кызматташуу тажрыйбасы жана технологиялык чечимдер шайлоо институттарына болгон ишенимди бекемдөөгө кантип жардам берери айтылды.
Кыргыз делегациясы Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясына чакыруусу жана жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара үчүн ыраазычылык билдирди. Мындай жыйындар адистердин тажрыйба алмашуусуна, мыкты эл аралык практикаларды колдонууга жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүгө салым кошот.





