Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!
05 мая 2025
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди өлкөбүздүн баш мыйзамы — Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Конституциябыз эгемендүүлүк менен көзкарандсыздыкты бекемдеп, адам укуктары менен эркиндиктерин жогорку баалуулук катары таанып, демократиялык, укуктук, унитардык жана социалдык мамлекеттин пайдубалын түздү. Ал адилеттүүлүктүн жана эл бийлигинин негизин түзөт.
Конституция Кыргыз Республикасынын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы экенин жана бул бийликти шайлоо, референдум аркылуу, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашырарын аныктап берди.
Ошондой эле, Конституция демократиялык шайлоо системасынын негиздерин түптөп, шайлоолорду эркин, жалпыга бирдей, түз жана жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүүнү караган.
Жүргүзүлгөн шайлоо реформасынын алкагында жарандардын Конституция менен кепилденген эркин билдирүүсүнө шарт түзүлдү — бул өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү жетишкендик болуп саналат.
Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да Конституциянын жоболорун жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Урматтуу мекендештер!
Конституцияда жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди ар дайым урматтап, сактоо — ар бир жарандын жарандык парзы.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, ынтымак жана бардык иш-аракеттериңиздерде ийгиликтерди каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

