КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

30 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинен Таалайбек уулу Камбардын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кожобаев Асанбек Токтогуловичке өткөрүлүп берилди.

Кара-Балта шаардык кеңешинин “Ишеним” депутаттык фракциясынан Тохтыев Нурмухамат Элахуновичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Баратов Эрик Керимбековичке өткөрүлүп берилди.

Сокулук районунун, Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Чомоков Жанжалбек Сатаркуловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Бекболотова Асель Асанжановнага өткөрүлүп берилди.

Кемин районунун, Чым-Коргон айылдык кеңешинен Кабаев Алтынбек Аскаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Төлөгөнов Таалайбек Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.

Кызыл-Кыя шаары шаардык кеңешинен “НДПК” депутаттык фракциясынан Алимбекова Тахмина Жусуповнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кулматова Калдык Калмурзаевнага өткөрүлүп берилди.