КР БШКга жаңы мүчө болуп Бахадыр Конуров дайындалды

24 марта 2025

Бүгүн, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КР БШКга жаңы мүчө Конуров Бахадыр Аруновичти тааныштырды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конуров Бахадыр Аруновичтин талапкерлигин карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитишкен. Бахадыр Конуровдун талапкерлиги “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталып, жалпы 72 депутат анын талапкерлигин колдогон.