КР БШКнын 2025-жылы 24 мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
24 марта 2025
Өткөрүү датасы: 24 март 2025 ж
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. «Бүтүн Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен
Берикбаев Санжарбек Турдукуловичти чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Кара-Суу, Сокулук, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О Айтикеев. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
3. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БШКнын чечиминин долбоору.
(баяндамачы – Айтиев З.К. Төрагынын кенешчиси.)
