КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгарды

11 марта 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 10-мартындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Лейлек, Кочкор, Токмок, Жайыл, Панфилов жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:

Лейлек районун, Сумбула айылдык кеңешинен Искандарова Мехрангез Мамуржоновнанын ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Нажмиддинов Исломжон Камолиддиновичке өткөрүлүп берилди.

Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинен Керимкулов Нурлан Кубатбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Махмутбекова Нурбурак Шамилбековнага өткөрүлүп берилди.

Жайыл районунун, Талды-Булак айылдык кеңешинен Талайбеков Адилет Талайбековичтин ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты - Молтоев Данияр Абдурахмановичке өткөрлүлү берилди.

Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен Бактыбеков Айбек Бактыбековичтин («Эл Аман» саясий партиясы) ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Ашкеев Урмат Муктаровичке («Эл Аман» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди,

Панфилов районунун, Кайыңды шаардык кеңешинен Орозумбеков Жаныбек Анарбековичтин («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) ыйгарым укутары токтотулуп, анын мандаты ­- Осмоналиев Жениш Калыбековичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүлүп берилди.

Аксы районунун, Ак-Жол айылдык кеңешинен Кочкорбаев Эламан Жапаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты ­- Анарбаева Сайран Сагынбековнага өткөрүлүлүп берилди.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен төмөнкү катталган талапкерлер чыгарылды:

Токмок шаардык кеңешинен Джакипова Майрамкан- «Ынтымак» саясий партиясы,

Токмок шаардык кеңешинен Мааметова Айкерим Нурлановна - «Ынтымак» саясий партиясы,

Токмок шаардык кеңешинен Медетканова Кундуз Багданбековна - «Ынтымак» саясий партиясы,

Талас шаардык кеңешинен Назаралиев Улан Эсенбекович - «Ынтымак» саясий партиясы