Көңүл бургула! Алдамчылар БШКнын жетекчилигинин атынан WhatsApp мессенджерлери аркылуу фейк билдирүүлөрдү жиберип жатышат

28 февраля 2025

WhatsApp мессенджеринде жаман ниеттүү адамдар (мошенниктер) өздөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы, орун басарлары же мүчөлөрү катары тааныштырууда. Алар БШКнын жетекчилиги катары, өткөн шайлоолор боюнча ар кандай маалыматтарды таратышууда.

Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер! Шектүү шилтемелерди баспаңыз жана жеке маалыматтарды бербеңиздер!

КР БШКнын жетекчилиги мындай билдирүүлөр үчүн мессенджерлерди колдонбойт. Эгерде, сизде күмөн туудурган маалымат болсо, расмий органга байланышып текшериңиздер!

Сак болуңуздар жана жеке маалыматтарды башкаларга бербеңиздер!