Борбордук шайлоо комиссиясы Токтогул жана Кант аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрдү

19 февраля 2025

2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Токтогул жана Кант шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына саясий партиялардан келген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо жана аларды резервдерине киргизүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү.

Чүчүкулак өткөрүү Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» мыйзамы жана «Шайлоо комиссияларын түзүү, кайрадан түзүү жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү тартиби» жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-декабрында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү беш жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт жана саясий партиялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тең укуктуу өкүлдөрүн камтыйт. Эгерде саясий партиялардан келген талапкерлердин саны белгиленген нормадан ашып кетсе, чүчүкулак  өткөрүлөт, бул болсо процессти объективдүү жана ачык жүргүзүүгө кепилдик берет.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы үчүн өткөрүлгөн чүчүкулак өткөрүүгө жети саясий партиянын өкүлдөрү катышты: Жаңы Кыргызстан, Эл умүтү”, Өнүгүү Прогресс, Бирге Вместе, Тынчтык, Ынтымак жана Ишеним” партияларынан. Чүчүкулак өткөрүү жыйынтыгында комиссияга кирген талапкерлердин кезектүүлүгү аныкталып, ошондой эле резервге кирген талапкерлер белгиленди.

Кант аймактык шайлоо комиссиясы үчүн чүчүкулак  өткөрүүгө алты саясий партиянын өкүлдөрү катышты: Эл үмүтү, Калк Ынтымагы, Жаңы Кыргызстан, Ордо, Улуу журт жана Ишеним партиялары. Чүчүкулак  өткөрүү жыйынтыгы комиссиянын резервине кирген талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктады.