КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп, айрым талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
31 января 2025
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2025-жылдын 31-январындагы жыйынында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сокулук,
Базар-Коргон, Манас, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди:
Шопоков шаардык кеңешинин «Ынтымак» депутаттык фракциясынан Акылбек уулу Чынгыздын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Эмил уулу Абайга берилди.
Сокулук районунун, Манас айылдык кеңешинен Зыкиров Илияс Кенешбековичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Ахметахунов Зарлык Мусаевичке берилди.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясынан Жуманазаров Элдияр Жамшитовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Абылов Бектур Сатарбековичке берилди.
Базар-Коргон районунун, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинен Тагаева Жыпар Маматкаримовнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Чойтоева Үмүт Кашиевнага берилди.
Манас районунун, Үч-Коргон айылдык кеңешинен Карабаева Бактыкан Канатбековнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Зарыкбаев Аманкелди Зарыкбаевичке берилди.
Түп районунун, Ысык-Көл айылдык кеңешинен Деркимбаев Тилек Урусовичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Борончиева Сонун Эрмековнага берилди.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер:
Сокулук районунун, Манас айылдык кеңешинен Абдыкааров Алимардан Акылидинович тизмеден өзүнүн арызынын негизинде чыгарылды.
Жумгал районунун, Байзак айылдык кеңешинен Турусбекова Тамчыгүл Кашкарбековна тизмеден өзүнүн арызынын негизинде чыгарылды.
