КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу боюнча борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

20 января 2025

КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин жолугушуусу болуп, анда “Кыргызстандын жаштарын ТѲМ боюнча билим берүү” программасынын алкагында “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу” деген тема талкууланды.

 

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирип, 45-орунду ээледи. 2030-жылга карата Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун алдыңкы 30 өлкөсүнө кирүүнү максат кылууда.

Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жакырчылыкты жоюуга, социалдык инклюзивдүүлүккө жетишүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө жана кийинкимуундардын туруктуу келечегин камсыз кылууга багытталган 17 глобалдык максаттарды кѳздѳйт.

ТӨМдү ишке ашырууга таасир эте ала турган ѳбѳлгѳлѳрдүн бири бул шайлоо болуп саналат. Шайлоо – бул жөн гана лидерлерди жана эл өкүлдөрүн шайлоо процесси эмес, бул ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын көптөгөн аспектилерин ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат.

Шайлоо натыйжалуу институттарды калыптандырууга, ресурстарды адилет бөлүштүрүүгө, инклюзивдүүлүккө, жарандардын коомго катышуусуна жана туруктуу өнүгүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизет.

Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын негиздери жана процесстери, колдонулуп жаткан шайлоо технологиялары менен таанышты.

КР БШК бардык деңгээлде таасирдүү, отчеттуу институттарды түзүүгө жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган 16 ТӨМ жана 5 ТӨМ алкагында активдүү иш алып барууда.

16 ТѲМ: Шайлоо реформасынын алкагында маалыматтык технологияларды киргизүүнүн аркасында биометрикалык идентификация аркылуушайлоочуларды каттоонун тактыгы, автоматтык эсептөө (АЭУ) жана сайтта ыкчам көрсөтүү аркылуу добуштарды эсептөөнүн тактыгы камсыз кылынды. Ошону менен добуш берүүнүн натыйжаларынын ишенимдүүлүгү камсыз кылды.

5 ТѲМ: Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңешке 20 аял (депутаттардын жалпы санынын 22%), ал эми жергиликтүү кеңештерге 2538 (39,75%) аял депутаттар шайланды, бул жергиликтүү шайлануучу органдарга аялдардынкатышуусунун өсүп жаткандыгын чагылдырат.

ТѲМ биз күн сайын туш болуп жаткан маселелер экенин эстен чыгарбоо керек. Ал эми бул максаттарды ишке ашыруу бардык жарандардын, анын ичинде жаштардын шайлоодогу активдүүлүгүнө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусуна көз каранды. Жаштар - туруктуу өнүгүү маселелери мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп калышына жардам берүүчү күч.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 4 135 039 адам катталса, анын 42% жаш шайлоочулар (18 жаштан 35 жашка чейинки) болуп саналат, бул 1 735 417 адамды түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайланган 6384 депутаттын ичинен 561 депутат -жаштар, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерге, 465и айылдык кеңештерге шайланышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө анын жаш катышуучулар шайлоого катышуу босогосун киргизүү, чет өлкөдөгү мигранттардын, этностордун шайлоо укуктарын ишке ашыруунуншарттары, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу сыяктуу өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

Жолугушуу жаштарды жарандык тарбиялоодо, алардын шайлоо процессине активдүү катышуусуна дем берүүдѳ жана шайлоочулардын укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болду.