КР БШКда БУУнун системасынын ѳкүлдѳрү менен шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча кызматташууну чыңдоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү
24 декабря 2024
Шайлоо системасын өркүндөтүү жаатында кызматташууну чыңдоо маселелери КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова менен БУУнун Кыргызстандагы системасынын туруктуу координатору Антже Грейвдин жана ПРООНдун туруктуу өкүлү А. Соловьеванын жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуу 2024-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында өттү.
Мурда, 2024-жылдын 9-сентябрынан 16-сентябрына чейин КР БШКнын чакыруусу менен шайлоо муктаждыктарын баалоо боюнча БУУнун миссиясы Кыргызстанда иштеген. Эксперттер Ричард Ги жана Дэн Малинович өлкөдөгү шайлоо процесстеринин учурдагы абалын талдоо үчүн бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Консультациялардын жыйынтыгында БУУнун эксперттери 2025-2027-жылдарга жаңы шайлоо циклинин алкагында шайлоого даярдык көрүүдѳ жана өткөрүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды даярдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары БУУнун миссиясынын КР шайлоо муктаждыктарын баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуш кылынган сунуштамаларды талкуулашты, ошондой эле БУУнун системасы Кыргызстанга көрсөтө ала турган техникалык жардамдын параметрлерин макулдашышты.
БШКнын Төрагасы 2017–2021-жылдары шайлоо системасын демократиялаштырууга багытталган бир катар долбоорлордун алкагында натыйжалуу колдоосу үчүн БУУнун Кыргыз Республикасындагы уюмдар системасына ыраазычылык билдирди. Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн аркасында ПРООНдун координациясы менен Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин реформалоо боюнча ырааттуу жана комплекстүү чараларды киргизүү мүмкүн болду.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө БШКнын лидерлигинин жана кесипкөйлүгүнүн жогорку деңгээлин белгиледи, бул шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан жогору таанылууга татыктуу болду.
ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү А.Соловьева БШК менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын жана анын өлкөнүн шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн маанисин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана 2027-жылы президенттик шайлоону даярдоодо Борбордук шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясынын сунуштамалары боюнча пикир алышты. Сунушталган колдоо тѳмѳндѳгү үч негизги багытты камтыйт:
• жарандык билим берүү боюнча иш-чараларын ишке ашыруу;
• шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу;
• шайлоонун жүрүшүндѳ жалган маалыматтардын опурталдуулугу жөнүндө шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу.
БШКнын төрагасы бул багыттар шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана жарандык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган Комиссиянын стратегиялык милдеттерине толугу менен шайкеш келерин белгиледи. Ишенимди бекемдөө үчүн жарандардын шайлоолор, башкаруунун саясий системасы, демократиянын баалуулуктары, жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу маанилүү.
Антье Граве шайлоо процесстерине жаштарды, этникалык азчылыктарды жана майыптыгы бар адамдарды тартуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул шайлоону инклюзивдүү өткөрүүгө өбөлгө түзөт, анын жыйынтыгына болгон ишенимди бекемдейт жана туруктуулукту сактайт.
Жыйынтыгында тараптар сунушталган колдоону конкреттештирүүгө багытталган андан аркы кызматташууну макулдашышты. Бул кадамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган жаңы биргелешкен долбоордун негизи болуп калат.
