Тепке айылындагы шайлоо участкасында добуш берүү аяктады

18 ноября 2024

Бүгүн, 18-ноябрда саат 20.00дө Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында добуш берүү аяктады. Ушуну менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аталган участкада добуш берүү шайлоо жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам узартылган.

Участкалык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, №3092 шайлоо участкасында 735 адам катталган. Алардын ичинен 282 шайлоочу добуш берди.