Пресс - анонс! Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ЖМК өкүлдөрүн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо боюнча эл аралык байкоо жыйынтыктары боюнча брифингге катышууга чакырат

17 ноября 2024

Дата: 18-ноябрь, 2024-жыл
Убакыт: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты

Иш-чарада эл аралык делегациялардын өкүлдөрү, анын ичинде төмөнкүлөр чыгып сүйлөшөт:
• Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы,
• Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы,
• Индия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы,
• Дүйнөлүк шайлоо органдары ассоциациясы (ВАИО / AWEB),
• Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун байкоочулары миссиясы (ОТГ),
• Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулары миссиясы (ОИС).

Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматына кайрылыңыз: +(312) 66 54 52.