2 шайлоо участкасында добуш берүү мөөнөтү узартылды

17 ноября 2024

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 жана Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкаларында келип чыккан техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү убактысын узартуу жөнүндө токтом кабыл алды:

- №3023 УШК - 2024-жылдын 17-ноябрында саат 23:00гө чейин

- №3092 УШК - 2024-жылдын 18-ноябрыда саат 20:00гө чейин